www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөдөн 1 миллион 440 миңден ашык адамды депортациялоону пландоодо. Бул АКШнын миграция жана бажы кызматынын маалыматтарында айтылат.

Депортация кыргызстандыктарга да таасирин тийгизди. АКШ Кыргызстанга 319 кишини кайтарууну пландоодо.

Кызыгы бул тизмеде картада жок Югославиянын — 845, СССРдин — 337 жана Чехословакиянын 254 жараны бар экени белгилүү болгон. Мындай жагдай бул адамдардын паспортторунда туулган жери катары көрсөтүлгөн мамлекеттерден улам болгону божомолдонууда. Болбогон өлкөлөрдүн жарандары акыры кайда жиберилери азырынча белгисиз.

Ошондой эле 369 казак, 975 өзбек, 149 тажик жана 40 түркмөн жараны өз өлкөлөрүнө депортацияланат.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришкен биринчи күнү эле өлкөгө мыйзамсыз киргендердин агымын токтотуп, миллиондогон мигрантты экстрадициялоо процессин баштай турганын убадалаган. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүк чек арасындагы кырдаалдан улам жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Последние новости