www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-январда №169 жана №135 автобустардын айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты.
№169 автобус аялдамага барганда алдында №135 автобус токтоп турган. Биринчи автобустун айдоочусу жол бошотууну талап кылып, бир нече жолу белги берген. Бирок алдындагы автобус ордунан жылган эмес. Буга ачууланган биринчи айдоочу (№169) бычак алып чыгып, №135 автобустун дөңгөлөгүн жарганы айтылууда.
Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы 30-январда билдиргендей, бул факт боюнча тергөө алдындагы текшерүү жүрүп жатат.
Эки айдоочу тең милицияга жеткирилип, сурак учурунда №169 автобустун айдоочусу бычак алып чыкканы тууралуу маалыматты төгүндөштү.
Жыйынтыгында 1990-жылы туулган М.Т. (№169 автобустун айдоочусу) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен айыпталып, протокол түзүлдү. Иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.