www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиз сыймыктанган Шевченко

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, мушкер Валентина Шевченко "Россиянын тыңчысы". Бул тууралуу  UFC уюмунун мурунку мушкери Бен Аскрендин айткан сөзүнө таянып, essentiallysports жазып чыкты.

Бен Аскрен - ММАция

Анын айтымында, Шевченконун спорттон башка өтө маанилүү миссиясы бар, UFC 251 турнирине катышпай турганы ошол себептен. Титулду алуу башкы милдетин эмес, кимдир бирөөлөр ага "жаракат алдым деп, беттештен четтетил. Бирок тыңчылык ишти аткарасың" деп айтышкан", - деди Аскрен.

Ага кошумча, буга көп эле далилдер бар. Ал тургай "улуту орус туурабы?" деген.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун Австралияда UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык спортчу Жоан Калдервуд менен өтчү беттеши кийинкиге жылдырылган.

Ошондой эле, телеканалдын журналисттери кыргызстандык спортчу менен байланышып, Шевченко бутунан жаракат алганын билишкен. Мындан улам спортчу беттештин мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен кайрылууга аргасыз болгон.

Шевченко менен Калдервуд 6-июнда Австралиядагы UFC 251 турниринде кез келмек. Кыргызстандык спортчу акыркы ирет чемпиондук наамын февралда коргоп, америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости