www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактылуулукка жетелеген 10 абал

Өзүбүздү дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сездирип, жагымдуу маанай тартуулаган өзгөчө көз ирмемдер бар жашообузда. Кайсылар десеңиз, төмөнкү тизмеге көз чаптырыңыз.

1.    Жумуштан эрте чыкканда
Оордугуна карабастан иштер оңунан чыгып, үйгө эрте кайта турчу мезгилде ичибизден өзүнчө сүйүнүп, кымыңдап калабыз. Бул жаз мезгилинин салкын күндөрүндө болсо, андан да жагымдуу.

2.    Чөнтөктөн акча таап алганда
Кышкы кийимдерди жыйнап, ошол бойдон унутуп калдык. Андан соң жай, жаз, күз өтүп, кийинки кыш келди. Баягы кийимдерди алып чыгып, пальтонун чөнтөгүндөгү акчаны көргөндө ушундай бактылуу болобуз дейсиз. 

3.    Чачыңыз көркүңүзгө көрк кошкондо
Адатта чачыбыздын белгилүү бир формасы, стили бар. Ошентсе да, айрым күндөрү өзгөчө көрктүү болуп чыга келет. Мына ошол күндөрү сыртка чыгып сейилдеген абал башкача сонун маанай тартуулайт.

4.    Кыш айларынан соң куштар жаңыдан сайрап баштаганда
Жаздын өзү керемет эмеспи. Бирок, суук кыштан кийин келген жаз, аны менен бирге жаңыдан сайрай баштаган куш үндөрү адамга жашоонун бар экенин эстетет.

5.    Эрте ойгонуп, жумуш же окууга баруу үчүн бир канча убакыт бар экенин сезгенде
Мындай абал ар бирибиздин башынан өтсө керек. Кечиктим деп шаша-буша даярдана баштап, саатты жакшылап карасак эле дагы көп убакыт бар. Билинбегени менен абдан жагымдуу маанай тартуулайт.

6.    Аялдамага бараарыбыз замат биз түшчү маршрут келип калганда
Айрым мүнөттөрдө саат бою күтүп же жетишпей калган учурлар дагы болот. Андыктан дароо келип калганда бактылуу сезбей анан...

7.    Жакшы көргөн ырыбызды кайталап укканда
Бир угуп жактырып калдыкпы ырды, кайталап угуу үчүн шаша байтайбыз, кээде. Байкабаганыбыз менен негизи ал ырды кайталап уккандагы эмес, ошол мүмкүнчүлүктү кармап калгандагы учур бизди бактылуу кылат.

8.    Жактырган суусундугубузду алгач ууртаганда
Ар бирибизге ар башка суусундук жагат, албетте. Ошентсе да, сейилдөөдөн кийин бир жерге отуруп, жакшы көргөн суусундугубузду ичкендеги абалды бул тизмеге кошпосок болбойт.

9.    Таза шейшепте уктаганда
Абдан чарчап келип, таза шейшепти оронуп уктаган абалыңызды эстесеңиз. Жытына мас болуп, тургуң келбейт.

10.    Жамгырдан кийинки топурактын жыты
Бул абал баарыбызга тааныш. Бардыгы жактыра бербейт, бирок көпчүлүк үчүн башкача бир сезим жаратат. Жагымдуу чөйрө, кофе менен коштолсо, мындан өткөн жыргал жок болсо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости