www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки жума, 24-августтан тарта, Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы электр энергиясына карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрүү пландалууда. Бул туурасында "Чыгыш электр" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-августка карата дебитордук карыздардын суммасы Ысык-Көлдө 52,6 миллион, Нарын облусунда 46,7 миллион сомдон ашып, жалпы карыз 99,4 миллион сомго жеткен.
"COVID-19 пандемиясына байланыштуу март айынан тарта өкмөт тарабынан төлөмдөрдү аткарууну үч айга токтото туруу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө "Чыгыш электр" ишканасы дебитордук карыздардын кесепетинен каржылык чыгымга учуроодо. Бул күз-кыш мезгилдерине сапатсыз даярдык көрүүнүн негизги себеби болушу ыктымал. Андыктан электр энергиясы үчүн карыздарды кечиктирбей төлөп турушуңуздарды суранабыз", — деп кайрылды ишкана.
Булак: NazarNews.kg