www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградное айылында “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Акжол уулу Жоомарт шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга бул талапкерден сырткары Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Марлен Маматалиев да катышты.

Акжол уулу Жоомарт шайлоочуларга Бишкек шаарында бир нече фабрикаларды ачып иштетип жаткандыгын, келечекте Бишкекке канаатташ Аламүдүн районунда да фабрикаларды кураарын айтты. Анын бул убадасы жашоочулар тарабынан кызуу колдоого алынды.

Марлен Маматалиев “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы реалдуу экендигин, аны ишке ашырууга мүмкүндүгүн билдирди.

Жашоочулар жаш талапкерлердин иш-аракеттерин колдоп, добуш берерин айтышты. Саясый күрөшкө аттанган Акжол уулу Жоомартка жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости