www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Сүйүн Абдылдаевич, чек ара бекеттери боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Чын эле ошондой көйгөй бар бекен?
-- Бизге шайлоочулар кайрылып жатышат. Кимдир бирөөнүн жакын тууганы кайтыш болуп, кошуна өлкөгө барыш керек болсо, ал жактан чек ара постунан өткөрбөй жатыптыр.
“Бизге ТИМден чындыгында эле тууганы каза болгону тууралуу справка алып келгиле” дешет экен (бул автоунаа менен өтүүчү постторго тийешелүү маселе. Аба мейкиндиги аркылуу учкандарга тоскоол жок). Натыйжада алар тышкы иштер министрлигине келишет, ТИМдегилер болсо өз кезегинде кошуна өлкөгө нота жиберишет. Ошентип, маселе чечилгенче эки-үч жума өтүп кетет.
Ал эми Тажикстан менен чек ара жабык, алар Өзбекстан аркылуу өтүп жатышат. Анан мусулманчылыкта билесиздер да, жакшылыкжамандыкта катташпаса болбойт. Көбүнүн кошуна өлкөлөр менен куда-сөөктөрү, тууган-уруктары бар. Элге абдан чоң көйгөй жаралып жатат. Мен бул маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөшүп, тактадым. Төрага да протоколдук тапшырма бермей болду.
-- Азыр Өзбекстанга өтүүчү канча чек ара бекети иштеп жатат?
-- Оштогу “Достук”, экинчиси Кадамжайдагы чек ара бекетинен өтөт. Эгер Аксынын, Ала-Буканын, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунун тургундары Өзбекстандагы туугандарына барыш керек болсо, Ошко барышы керек.
Жалал-Абадда “Маданият”, “КеңСай” чек ара бекеттери бар. Эки өлкө сүйлөшүп, ошол постторду ачып берсе, элге жеңилдик болот эле. Пандемия деле бүтпөдүбү, көп мамлекеттер чектөөлөрдү алып жатышат. Биз дагы буга чейин жабылган чек ара бекеттерин кайра ачууга аракет кылышыбыз керек.
Булак: Азия News гезити