www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксыдагы абал күндөн-күнгө оорлошо берди. Бул күнү жекшемби болчу. Аксынын Кара-Суу, Кызыл-Туу, Жаңы-Жол, Ак-Жол, Кара-Жыгач жана башка айылдарынан келишкен 2 миңдей адам Кара-Жыгачка жыйылышып, А.Бекназаровдун үстүнөн сот адилетсиз болуп жатканын айтышып, үч топко бөлүнүшүп, бир тарабы мындан 15 км. алыстыктагы Кербенге, экинчи тарап Таш-Көмүргө, үчүнчү топ Токтогулга сот процессине барышып нааразылык көрсөтүүнү чечишти. 200дөй адам Токтогулга, Таш-Көмүргө машина, ат менен, жүзгө жакын адам Кербенге жөө-жалаң кетишти. Көтөргөндөрү курсак ачканда жалмап алчу нан жана желим бөтөлкөлөргө куюлган чалап, куру суу, айран.
Бул күнү райакимияттын буйругу менен Кербендеги соода точкалары, базарлар толук жабылган. Өзгөчө спирт ичимдиктери сатылуучу жайлар жаптырылып, катуу көзөмөлгө алынган. Кара-Суу, Сары-Челек, Ак-Жол, Жаңы-Жол маршрутундагы автобустар токтотулат. Алгачкы 200гө жакын адамдан турган топ Кербенге жол тартып Воспиекке келишип, эки-үч саат бою жөө-жалаң келе жаткан эл ушул жерден көтөрүнгөн нандарын сууга малып да болсо кичине өзөк жалгап алууну ойлогон.
Тилекке каршы, бул жерде мурдатан даярдалган милициялар тосуп турушат. Ошол жерде болгон окуя бийлик тарабынан камерага тартылып, бирок элдин колуна түшкөн видеотасмадан бүт дүйнөгө белгилүү болгон. Эми ошол видеотасмадан көрүнгөн, угулган сөздөрдү келтирели: Элдин ичинен: «Бекназаровго адилет чечим чыгаргыла, болбосо артка кайтпайбыз. Ал Үзөңгү-Кууштун курмандыгы болду. Биз эл үчүн, мекен үчүн кызмат кылган депутатыбызды «жоорунун» чеңгелине салып бербейбиз. Өз добушубузду коргойбуз. Биздин максат Кербенге барып, өзүбүздүн мыйзамдуу талапты коюп, тынчтык пикетин гана өткөрүү, бизди кое бергиле, элдин колунда эч нерсе жок!, - деген үндөр чыгып жатты. Укук коргоо кызматкерлеринин укчу түрү жок. Ортодо аким Ш.Осмонов: «Мунуңар мыйзамсыз. Урматтуу туугандар, ушунча убакта ынтымакта келе жатабыз. Сот чечими чыкканча үйүңөргө кайткыла!
Болбосо менин да колумдан келбей калат, эгер мени укпасаңар, мен азыр акырын артка кетем, анан силерге кыйын болуп калат» - деп сүйлөдү. Райондук милициянын жетекчиси: «15 мүнөттө тарагыла! Тарабасаңар жаман болот!», - деп чукул талап койду. Аңгыча арттан машина менен келип калган укук коргоочу Т. Акунов акимдин артына өтүп сүйлөй турган болду эле: «Сен үч күндөн бери сүйлөп жатасың, жетет ошол», - деп жерден, аким сөз бербей таштан ары түртүп жиберди.
Бир убакта Т.Акуновду эки милиционер келип эки жагынан кармап, сүйрөп жөнөдү. Ошондон кийин эл дүрбөй түштү. «Тигини алып кетип жатышпайбы» деген аялдардын үнү чыкканда, «бошотуп алышпасын же элди коркутуп көрөлү» дештиби, ОМОНдор асманга ок атышты эле мындайды күтпөгөн эл «дүр» этип артка качып, алыс кетти. Элге тигилердин атып жатышкандары кур дүрмөт экен деген ой келип, кайра кайрылып милицияларды каптаганда ОМОНдор эч нерсеге карабай беттеп ок жаадырып киришти.
Заматта тымтырс болуп турган Боспиектин талаасы аял-эркектердин кыйкырыгы, жерде жарадар болушуп ордунан жыла албай онтогондордун ызы-чуусуна айланды да калды. Туш-тушка жан сактоо үчүн качып жөнөгөн элди аял-эркегине карабай ОМОНдор жеткен жеринен чачтан, буттан кармап тепкилеп киришти. Ит сүйрөгөндөй сүйрөп машиналарга жүктөп жатышты. Кээ бирлери жарадарларды, ок тийгендерди жонуна салып, экөөлөп, үчөөлөшүп колтуктан алып сүйрөп, эптеп баш жашыруу үчүн качып бара жатышты. Тийген октон эки адам ошол жерден эле кулап жан берген. Алар Сапаралиев Кадыркул, Тагаев Советбек болду.
Ошол күнү кечке маал областтан келген кошумча күчтөр Кербенге айылдардан келчү жолдорду жаап салышкан. Жол жабылгандыктан Боспиекте жарадар болгондорду Авлетимдин жана башка жакынкы айылдардын ооруканасына алып барып жаткырышкан. Бул жердеги дарыгерлердин шарты жок болгондуктан, аларга операция жасоого мүмкүн болгон эмес. Жарадарлар өз учурунда жардам алышкан эмес. Айрымдарын түндөп көмүскө, тосулбаган жолдор менен Кербенге жеткиришкен.
Боспиектеги окуя райондун калган айылдарына шамал менен тарагандай тездик менен жетет. Түп көтөрүлгөн эл райондун туш-тарабынан күндүн кеч болуп калганына да карабай Кербенге жөө, машинелеп жетишип, РИИБнин эшигинде толкуп турду. Качан гана РИИБнин ичинен мурда кармалып кеткен Турсунбек Акунов жана аял-эркектер чыгарылганда эл кичине тынчып калат.
17-март күнү Кербенге түнү менен Жалал-Абаддан, Оштон, Бишкектен кошумча күчтөр келген. Эл да түн экенине карабай айыл-айылдан келишти. Түнү менен көчөдө атуу болду. Милициялар ар жерден аткылап жатышты. Түнү менен ооруканага жарадарлар, каза болгондор алып келинип жатты.
Булак: NazarNews.kg