www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү! Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.

Ал бүгүн, 30-июлда 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күчүн сынады. Бул аралыкка жалпысынан 25 спортчу катталып, алар 4 топко бөлүнгөн.

Петрашов үчүнчү жарышта баштап, 2 мүнөт 10,99 секунд көрсөткүч менен алтынчы орунду ээледи.

Жыйынтыгында, Петрашов мыкты ТОП-16га кирип, жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Жарым финалдык мелдеш 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

Последние новости