www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэлада президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчысы Николас Мадуро жеңишке жеткени жарыялангандан кийин өлкөнүн бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялар башталды.

29-июлда Мадуронун миңдеген каршылаштары Улуттук шайлоо органынын Каракастагы жана башка шаарлардагы кеңселеринин алдына чогулуп, полиция жана аскер кызматкерлери менен кагылышуулар болду.

Баш калаа Каракас шаарында полиция демонстранттарды таркатууга аракет кылып, аларга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонду. Мындан соң акциянын миңдеген катышуучулары президенттик сарайды көздөй жөө жөнөштү.

"Алгач алар Мадуронун өзүн жеңүүчү деп жарыялаганына каршылык иретинде темир идиштерди каккылай баштаган. Андан соң убакыт өткөн сайын чыңалуу күчөй баштады", – деп жазды "Би-Би-Синин" орус кызматы.

Каракастын көчөлөрүндө автоунаалар, дөңгөлөктөр жана таштандылар өрттөлүп, акция катышуучулары менен куралдуу полициянын ортосунда кагылышуулар болду. Президенттик сарайдын алдында топтолгон адамдарды аскер кызматкерлери токтотуп, аларга каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонушту.

Өлкөнүн коргоо министри Владимир Падрионун айтымында, башаламандыктар маалында 23 аскер кызматкери жабыркап, алардын айрымдары октон жаракат алган.

Демонстранттар жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүдө. Мадуронун көзөмөлүндөгү Улуттук шайлоо кеңешинин маалыматына ылайык, шайлоодо өлкөнүн учурдагы мамлекет башчысы добуштардын 51,2%, бириккен оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалес 44% алган. Мекеме добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча башка кеңири маалымат берген эмес.

Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Чет өлкөлүк байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кеңири маалыматты жарыялоону талап кылууда. АКШ, Бразилия жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Венесуэланын Улуттук шайлоо кеңешинин маалыматынан күмөн санап, добуштарды толук эсептеп чыгуунун талап кылышты. Ошол эле маалда Орусия баштаган Куба, Гондурас жана Боливия мамлекеттери Мадуронун ыктымал жеңишин кубатташты.

Последние новости