www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында алтын медаль утту.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бүгүн, 13-августта Беларустун Солигорск шаарында өтүп жатат.

Спортчу 72 кг чейинки салмакта күрөшүп, финалда Беларусь балбаны Виктория Радькова менен кез келип, алтын медалга татыды.

Белгилей кетсек, балбан Нурзат Нуртаева КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстандын командасына биринчи алтын медалды алып келди.

Буга чейин кыз-келиндер командасынын мүчөлөрү Бермет Нуридин кызы коло медаль, ал эми Дильназ Сазанова күмүш медаль багындарган.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости