www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык журналист Сандугаш Дүйсенова 11-августта кармалгандыгы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Press.kz жазды.

Журналисттин билдирүүсүн анын кесиптеши Онгар Кабден Телеграм каналында жарыялады.

«Бир гана киши өлтүргөн адам жазадан кутулуп кетпесин деп ызы-чуу салдым. Сүрөттө бул адамдын ИИНи түшүп калган. Бирөө сактап алып, эми 1,5 жылдан кийин арыз жазыптыр. Буйрутма! Мен периште эмесмин, бирок мен бүт Казакстандын алдында көргөзгүлөрү келип жаткан айбан дагы эмесмин», - деди Дүйсенова.

Дүйсенова "эркин сындыруу" үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты.

«Мен убактылуу кармоочу жайга камалдым. Мен ууру эмесмин, шылуун эмесмин, наркоман эмесмин. Эмне үчүн мындай кылышканын сураганда, алар мага: эркиңди сындыруу үчүн деп жооп беришти. Ыйлап кечирим сурайм деп ойлошту, бирок мен өзүмдү кармадым. Таза төшөктө, жууркандын астында жана жаздыкка жатып балдарымды эстедим», - дейт журналист.

Түнкүсүн, саат 00:40та журналистке үйүнө кетүүгө уруксат берилген. Бирок окуя муну менен эле аяктаган жок. Сандугаш Дүйсенова өз укугу үчүн күрөшүүнү көздөп жатат.

Эске салсак, журналист Сандугаш Дүйсенова 11-август күнү гезиттеги макаласында адамдын жеке жашоосу тууралуу анын макулдугусуз маалыматтарды таратканы үчүн кармалган (Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 147-беренеси).

Андан соң журналисттин жактоочусу Илмира Назированын айтымында, колунда 2 жашар баласы бар учурда айылдашын өлтүргөн деп соттолгон гезиттин каарманы Сандугаш Дүйсенова каршы арыз жазган. Анда бала да жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости