www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев алтын медалга ээ болду.
Кыргызстандык балбан 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешти 7-апрелде баштаган. Финалга чейинки жолунда алгач Түштүк Кореянын өкүлүн утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанды эки мүнөткө жеткирбей мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Чечүүчү финалдык беттеште Жапониянын балбанын артта калтырып, Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев карьерасында Азия чемпионатынын алгачкы алтын байгесин утуп алды.
Ошентип Раззак Бейшекеев Кыргызстандын курама командасынын капчыгына төртүнчү алтын медалды салды. Буга чейин, тагыраагы 7-апрелде Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов дагы 1-орунду ээлешкен.