www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук фтизиатрия борборунун жамаатына жаңы директорду тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп Урматбек Арстанбекович Боржиев дайындалды.
Урматбек Боржиев медицина илимдеринин кандидаты болуп саналат, жогорку медициналык билимге жана саламаттык сактоо системасында, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген олуттуу тажрыйбага ээ. Буга чейин Жалал-Абад областтык кан борборун жетектеген, практикалык жана илимий тажрыйбасы бар.
Тааныштыруу учурунда министр мекеменин алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи. Алардын ичинде кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын мындан ары жакшыртуу бар.

 

Последние новости