www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүлүктүдө тамакка уулангандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу 12-майда Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, алардын 11и азыр Сүлүктүдө оорукананын инфекциялык бөлүмүндө дарыланып жатат, 21и үйдөн дарыланууда. Доктурлар жабыркагандардын абалын орточо оор деп баалап жатышат.
Тамакка уулангандар 8-майда Сүлүктүдөгү “Рахат” кафесинде 180 конок чакырылган кыз узатуу тоюна катышканы белгилүү болгон.
Кафеде санитардык-гигиеналык текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада ээсине 15 миң сом айыппул салынды. Кафе-ресторанда адамдар ууланган учурлар буга чейин да катталган.
Булак: NazarNews.kg