www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия бийлиги Украинадагы согушта Тажикстандын Файзабад районунда туулуп-өскөн 25 жаштагы жоокер курман болгонун билдирди. Анын жакындарынын айтымында, маркум Алижон Сафаров көп жылдан бери орус армиясында кызмат өтөп жүргөн, бирок анын Украинадагы согушка катышып жатканын алар билген эмес.
Орус бийлиги берген маалыматка караганда, Сафаров 8-майда окко учкан. Азырынча анын Украинанын кайсы шаарында жана кандай шартта өлгөнү, ошондой эле, анын сөөгү Тажикстанга жеткирилер-жеткирилбеси да белгисиз.
23-апрелде Барнаул шаарында Тажикстанда туулуп-өскөн орус армиясынын 24 жаштагы жоокери Абубакр Нозимовдун сөөгү жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал Украинадагы согушка 15-февралда жөнөтүлүп, 12-апрелде Харьков шаарын курчоого алуу аракеттери учурунда ок тийип, каза тапкан.
Украинада үч айга жакын убакыттан бери уланып жаткан согушка Тажикстанда туулуп-өскөн канча аскер катышып жатканы так белгисиз. Андан бери орус армиясында кызмат өтөгөн онго жакын тажик тектүү жоокердин курман болгону ырасталды.
Жакында украин басылмалары согушка катышып жаткан орусиялык аскерлердин тизмесин жарыялаган. Алар арасында Борбор Азия өлкөлөрүндө туулуп-өскөн 6 миңге жакын жоокер болсо, алардын жүзгө жакыны тажик тектүүлөр.
Булак: NazarNews.kg