www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус аскерлери Херсон облусундагы аскерий базанын документтерин таап алды, айрым документтерге ылайык, украиналык согушкерлер аскер кызматкерлери менен бирге НАТОнун стандарттары боюнча батыштык адистерден даярдалган, деп билдирет РИА Новости кабарчысы.

РИА Новостинин карамагында машыгуу базасы жайгашкан Раденск конушунун аймагындагы 241-аскердик полигондо (Алешкинский кумдары) табылган бир нече документтер болгон. Анын ичинде батыш стандарттары боюнча аскердик машыгуудан өткөндүгүн тастыктаган украин аскерлери үчүн арналган сертификаттар.

Документтерде Канаданын жана Улуу Британиянын желектери бар.

Орус коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, полигондо катардагы аскер кызматкерлери гана эмес, 2020-жылы жигердүү түзүлө баштаган аймактык коргонуу жоочулары жана ар кандай улутчул топтордун согушкерлери да даярдалган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости