www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узун тексттер, түрдүү быйтыкчалар (смайликтер) же болбосо кыска жазылган жооптор... Ар бир кишинин смс жазуу стили ар башка. Ага карата кандай адам экендигин билүүгө болоорун hthayat.haberturk.com сайты изилдеп чыккан.

Узун смс жазганды жакшы көргөндөр

Ички сезимдерди, ой-толгоолорду чагылдыруу үчүн узун тексттер менен смс жазуу маанилүү деп эсептейсиз. Эмоционалдуу, ойчул болгонуңуз үчүн сөздөрдү маанилүү, күчтүү курал катары көрөсүз. Досторуңуз назик жана бир нерсеге катуу берилериңизди билип, кеңеш сураганда сизге кайрылышат. Ошондой эле муктаж убакта жанында болооруңузду билишет.

Кыска смс жазганды жакшы көргөндөр

Айланадагылар сизди “макул, жок, ооба” сыяктуу кыска жоопторуңуздан түшүнүшөт. Көпчүлүк мындай түрдөгү жоопторду серт деп кабыл алганы менен, сиз дайым сөзүңүзгө турасыз. Смстериңиз дагы сиз сыяктуу ачык жана так. Окуяны даана көрсөтүү үчүн аны көркөмдөгөнгө аракет кылбайсыз. Тактык жана ачык-айрымдык сапаттарыңыз адамдык сапатыңызды бийик көрсөтөт. Сөздөр менен ойнобой, кеңеш же пикир сураган адамдардын баарына дайыма туура гана нерсени айтасыз.

Быйтыкча колдонгонду жакшы көргөндөр

Ачыгын айтканда быйтыкча колдонууга аябай берилип, мүмкүн болсо эч сөз колдонбой эле жалаң быйтыкча менен баарын бүтүрүп коюуга аракет кыласыз. Анын себеби, смайликтердин көбүрөөк түшүнүктүү болушу. Мындай сүйкүмдүү символдор сыяктуу сиз дагы эмоцияңызды алар менен чогуу алып жүрөсүз. Адамдарга өзүңүздү кандай сезип жатканыңызды айтууда экинчи жолу ойлонуп отурбайсыз. Стресс болуп, толкунданып, ачууланып же кайгырсаңыз айланадагылар дароо байкашат.

Этияттык жазганды жакшы көргөндөр

Смстердин аягында “хахаха” сыяктуу сөз жазбастан тура албагандай сыяктанасыз. Муну смс жиберген адамдын сиздин смсти кантип кабыл алып, окуганына ишенбегениңиз үчүн колдоносуз. Чыр-чатакты, серт көрүнүүнү каалабайсыз. Мындан улам жогорудагыдай жазуулар сизге керек сымал көрүнөт. Адамдарга жагынууну, айланадагылардын баарын бактылуу кылууну жакшы көрөсүз. Бул негизи жакшы сапат, бирок чектен ашпоо зарыл. Айрым учурларда ачык, так болууга аракеттенип, чыныгы ойлоруңуздун артынан “хахаха” сыяктуу сөздөрдү колдонбой койгонуңуз туура.

Кайра-кайра жазганды жакшы көргөндөр

Сааттар бою жооп албасаңыз деле тынбай смс жазганды жакшы көрсөңүз, бул сиздин эрктүү жана каалаган нерсеге жетмейинче жаныңыз жай албаган адам экениңизден кабар берет. Чечкиндүүлүк сизди өзгөчө көрсөтөт. Жашооңузду контролго алуу үчүн эч нерседен коркпойсуз. Ошентсе да, мындай артыкчылыктар айрым учурда сабырсыздык менен салыштырылат. Ошондуктан смс жазаардан мурда буларды бир эстеп коюңуз.

Ал эми сиз кандай смс жазгандарга киресиз? Быйтыкча колдонгонду жактырасызбы? Же китеп сымал узун смстерди жазасызбы?

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости