www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүннөткө отургузгандан кийин кайтыш болгон жети жаштагы баланын ата-энеси милицияга арыз жазган эмес. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы билдирди. "Булфакты боюнча каза тапкан баланын ата-энеси арыз менен райондук милицияга кайрылган жок. Себебин - эч кимге доосу жок экендиги менен түшүндүрүштү", — деп жазылган маалыматта.

Бишкекте 2-апрель күнү жети жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин кайтыш болгон. Алгач Улуттук госпиталда жергиликтүү наркоз менен процедура жасалып, бала Платтер синдромуна кабылып, кан көп кеткени кабарланган. Андан кийин Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги наристе кансырап эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан өлгөнү билдирилген.

Милиция фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган болчу. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Абдрасуловго сөгүш жарыялаган, ал эми сүннөткө отургузууну ишке ашырган дарыгер өз каалоосу менен иштен кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости