www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: “Бороондогу Ата Журт”

Төмөндөгү маалымат президент Садыр Жапаровдун 2018-жылы жарык көргөн “Садыр жана Чындык” китебинен Апрель окуясына карата алынды.

2010-жылдын март айлары. Элдин нааразычылыктары күчөй баштаган. "Оппозиция 17-март күнү Курултай өткөргөнү жатат. Апрель айларында төңкөрүш кылышат экен. "Форумда" наркотик аралашкан коктейль жасап жатышыптыр. Төңкөрүш боло турган күнү элге беришет экен" деген кабарды капыстан угуп калдым.

Менде чочуркоо пайда болду... Дароо эле бул маалыматты Марат Суталиновко айттым. Азыр эстесем, ал киши мени жомок айтып жаткандай кабыл алган болуш керек.

Негедир башка киши сүйлөп жаткандай эле оозума сала бергенсип, -“Сүйлөшүүлөр жолу менен чечпесеңер, чатак чыгып кетчүдөй болуп турат. Жогору жактагыларга айтпайсызбы, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барсын”, - деп жибергенсидим. Суталинов бул маалыматка анча деле көңүл бурган жок. - Это блеф, - деп койду. Чындап эле туура эмес маалымат болуп калбасын деп оюмду ага анча таңуулабадым. Ичимен өзүмчө бушайман болуп жүрдүм. Элди ойлошсо, мындай кадамдарга барбаса керек деп өзүмдү сооротуп койдум.

Ошентип, кандуу 7-апрель окуясы болуп кетти. Аянттагы атышууларды, октон качпай, окко төшүн тоскондорду көрүп, баягы маалымат эске түштү. Ал күнү кандай болгонун, эмне колдонушканын бир Кудай өзү билет. Айтыш кыйын. Биз кандай окуяны калчабайлы, 7-апрель 90 баланын өлүмү менен аяктады.

Албетте, буга эки тарап тең күнөөлүү десек болот. Бийлик электр энергияны кымбаттатып, уюлдук телефондорго кошумча төлөм киргизип, карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып жиберип, чоң ката кетирди. Оппозиция тарап болсо, "кан менен болсо да эптеп бийликти алалы" деген максатты коюшкан.

К.Бакиев түштүккө барып, өз айылы Тейиттен коргонуу таап жатып алды. Аны кармап келүү үчүн Убактылуу Өкмөттүн эч кимиси даап бара албай, генерал Артур Медетбеков башында турган группа захватаны жөнөтүштү. Алар мына эми кармайбыз деп калган маалда, Роза Отунбаева телефон чалып, - Кармабай эле койгула. Өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп бергиле,- деген команда берип, К.Бакиевди аман-эсен чыгартып жиберди.

Эртеси эле күнү теледен чыгып, - Бакиев качып кетти. Аны акыры кармап келип, жоопко тартабыз. Чыдап тургула, деп жооткотуп, 7-апрелде каза болгон балдардын туугандарын, жамы журтту алдап коюшту.

Ө.Текебаев башында турган 75 мүчөсү бар команда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга киришишти. Ошол эле мезгилде 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп жатты. Биз дагы "Ата Журт" партиясын даярдап, Республикалык штаб түздүк. Мени башчысы кылып шайлашты. Адыл Жунусов аттуу досумдун Киев-Правда көчөсүндөгү 6 кабат имаратын алып, бир тыйын каражат төлөбөстөн Бишкек, Чүй жана Республикалык штабдарды жайгаштырдым. “Ата-Журт” партиясы деген дүркүрөгөн жарнамаларды кетире баштадык.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери бир жерден чыкпады. Ар кимиси шайлоочулардын добуштарын алып берүүчү күчтөрдү өз тараптарына тарта башташты. Ал мезгилде Кадыржан Батыров баарына керек болуп турган эле. Анткени, түштүктө шайлоочулардын 30 пайызы өзбек улутундагы жарандарыбыз экени баарыбызга маалым эмеспи.

Атамбаев СДПК партиясына добуш алып берүүсүн суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ал үчүн Кадыржан Батыровдун каалаганына макул деп турду. Ал тургай Кадыржан Батыровдун "Ош облусун Өзбек автономиялуу облусу кылып, мени башчы кыласың" дегенине дагы "макул" деп жиберди.

Экинчи тараптан "Ата Мекен" партиясы К.Батыровду өз тарабына тартыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Ошентип, Кадыржан Батыров өзүнүн авторитеттүү адам экенин сезип түштүккө барып, карапайым өзбек туугандарды чогултуп жыйын өткөрүп, “Мына, жыйырма жылдан бери күткөн максатыбызга жеттик. Биз менен эсептешпей коё алышпайт. Баланча деген өзбек жигитти тиги жерге зам кылып койдук. Түкүнчө деген өзбек жигитти бул жерге зам кылып койдук" деп карапайым элдин духун көтөрүп кетти.

Ушул мезгилде Мелис Мырзакматов Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө кат жөнөтүп, "Абал курчуп баратат. Тезинен чара көрбөсөңөр болбойт" деп жакшы эле чырылдады. Бирок, Убактылуу Өкмөт, "Сен Бакиевдин кадрысың” деп, Мелис менен иштешүүдөн баш тартышты. Эгер ошол мезгилде дароо чара көрүлгөндө, Оштогу кандуу июнь кагылышы балким, болбой калат беле?

Карапайым эл Батыровдун айткандарына ишенип, чын эле бизге бийлик келген экен деп, 2010-жылдын 10-июнь түнү түштүктө улуттар аралык жаңжалдын башталышына чок салды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости