www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Токтайым Үметалиева: “Бүгүн мен үчүн абдан оор, бирок абдан жакшы да күн болду”, - деп сөзүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. "Роза Отунбаева жана жаңы-эски оппозициядагы Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова жана башка саясатчылар Ата-Бейитке куран окуганы барышыптыр.

12 жылдан бери жүрөгүмдү оорутуп, өздөрүнө түздөн-түз бере албаган суроомду Роза-эжеден баштап берип алууну чечтим.

- Роза эже, бизди сиз “Форумга” чакырганыңыз үчүн 7-апрелде баарыбыз барганбыз. Ошол күнү кайсы жерде элеңиз, эмне кылып жүрдүңүз эле, эмнеге ушул жерде сөөгү жаткан, окко учкан балдар менен бирге болбодуңуз? “Форумдун” алдында биз, сиз үчүн туңгуюкта калганда кайда элеңиз?

Мен гезиттерден: “Жашынып, жанымды сактап жаттым”, - дегениңизди окуганда ишене берген жок элем. Аттиң ай, сизден ушундай сөздөрдү эртерээк укканда канча адам үй бүлөсү менен бүгүн майрамдайт эле... Аянтта томолонуп, жыгылып булактай аккан кандан сиздин жаныңыз артык беле?" - деген сөзүмө жооп уга албай кеттим", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости