www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Соң-Көлдүн жайытын унаа менен тебелеп, жаратылышка зыян келтирген жаранга мыйзам чегинде чара көрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, аталган факты Instagram тармагындагы баракчалардын бирине жарыяланган видеодон кийин аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында окуя Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда болгону такталып, мыйзам бузууга жол берген айдоочунун өздүгү аныкталды.

Натыйжада жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик айып пул салынып, аны менен мындан ары мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик табиятты коргоо ар бир жарандын милдети экенин эскертип, экологиялык мыйзамдарды сактоо жаратылышты келечек муундарга аман-эсен өткөрүп берүүнүн башкы шарты экенин баса белгилейт.

Последние новости