www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде дрон жана башка учкучсуз аппараттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу жана «Формула-1» жарышы сыяктуу ири иш-чаралар өткөрүлүп жаткан учурда күчүндө болот.
Тыюу бардык түрдөгү дрондорго жана чакан авиациялык учуучу аппараттарга тиешелүү.
Уруксатсыз учуруулар мыйзам бузуу катары бааланып, жоопкерчиликке тартуу жана техниканы конфискациялоо чаралары каралышы мүмкүн.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тургундарды белгиленген талаптарды сактоого чакырды.