www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кочкор-Ата шаарында мунайды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков «Борбор Азия энергетикасы» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жолугушууда Министрлер Кабинети менен «Борбор Азия энергетикасы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун алкагындагы долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды.

Долбоорго ылайык, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында К-5 жана К-6 экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизель майы, битум, мотор майын өндүрүүчү жана колдонулган майларды кайра иштетүүчү мунайды кайра иштетүүчү завод курулат.

Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 450 миң тонна мунай продукциясын түзөт. Ишкана ишке киргенде болжол менен 300 жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

Долбоордун биринчи этабындагы курулуш жана ишке киргизүү иштерин 2026-жылдын күз айларына чейин аяктоо пландалууда.

Жыйында завод үчүн зарыл болгон технологиялык жабдууларды импорттоо, бензин жана дизель отуну үчүн улуттук экологиялык стандарттарды иштеп чыгуу, ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөтүн сактоо маселелери талкууланды.

Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинети өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, өндүрүш процесстери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин айтты.

Последние новости