www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө полярдуулугун бөлүшүүдө таасир талаш жана кызыкчылыктар кагылышы бүт дүйнөнү өзүнө камтып бара жатат. АКШда демократтар бийликте кезинде Джо Байден башында туруп, астыртан Украинаны ымдап жатып, Россия менен ачык каршылаштырып койду.
Согуштук курал-жарак, финансы каражаттын үзгүлтүксүз берип, ал ортодо оюнга Евросоюзду кошуп алды.
Апаатын масштабы эми билинип турат. Ушул өңүттөн алып караганда азыркы АКШ президенти Дональд Трамп "Бул менин согушум эмес, Байдендин согушу болчу" деп, астыртан өзүн окчун кармап, Байдендин шылтоосу менен чыккысы келип жатат.
Ошол эле учурда 2024-жылдагы АКШ президенттик шайлоосунун алдында негизги программа катары Дональд Трамп "Эгер жеңсем Россия менен Украинанын согушун токтотом" деп кесе айткан.
Тилекке каршы, токтото алган жок. Анткени анын алкагы чоңоюп, эл аралык мааниге чыгып баратканын ал учурда аңдай алган эмес.
Бүгүнкү күнү Россия БРИКС менен катар эле дүйнөлүк ири державалар Кытай, Индия менен мамилесин бекемдеп, АКШнын укуругуна моюн тоспой жатышы, бул согуштун маанисин ачып жатат.
Трамп шайлоо алдындагы сөзүнүн өтөөсүнө чыгыш үчүн жана өзүн "дүйнөдө тынчтык орнотуучу лидер" катары канчалык көрсөткүсү келбесин, тилеги ишке ашпай, болгон аракетин жасап көрдү.
Дүйнө коомчулугунун сынын кулагынын сыртынан кетирип, Путинди Аляскага чакырды, салам деген санкцияларынын мөөнөтүн узартып келди, ортодо бул согушка Европаны күнөөлөп, "Россиянын нефтисин сатып албагыла" дегенге чейин барды.
Бул жолу Россия жана анын бийлиги эч нерсе болбогондой түр көргөзүп, согуш Россия-Украина ортосунда эмес, жалпы Европа жана Батыш менен согуш болгондой таасир жаратып жатат.
Өзү маселенин тамырын карап көрсөк, чындап эле дүйнө полярдуулугун талашууда Россия Батыш, Европа менен согуш жүргүзүп, ага шылтоо Украина болуп жаткандай түр берет.
НАТО блогунун жакындашы, Россиянын аскердик жана коргонуу докторинасына болгон тымызын чабуул мындан башка ойду айттырбайт. Бирок, Россия жалгыз эмес. Кытай, Индия, КНДРдин сүрсөөлөт бериши орус бийлигинин дымагын ашырып жатканы айдан ачык.
Мына ушуну так билген Трамп и Ко Украинага алыска атылчу ракеталарды колдонууга уруксаат берип жатышы кайрадан согуш тактикасынын өзгөрүшүн жана мындан да тереңдешинен кабар берет.
Сөз башында айткандай "Дүйнө тынчтыгын сактоочу президент" титулун алууга ашыккан АКШ президенти аракетин башка тараптан издеп, эми Израиль-Газа согушуна багытын бурду.
Бир эмес, төртүнчү жолу Израиль бийлигинин башчысы Нетаньяху Биньяминди Вашингтонго чакырып, "упчу салмайга" өттү.
Азыр Нетаньяху канчалык "момпосуйга алданат" убакыттын иши, бирок, чындап киришсе АКШ бийлигинен чочулап, согуштук аракеттерди азга болсо да солгундатып, Газа тилкесинде Палестин мамлекетин түзүүгө каршы чыкпас.
Мына ушунун баарына алдыртадан байкоо салып отурган В. Путин Трамптын амбициясын билип, ары-бери чабагандаганын байкагандан кийин "Трамп менен сүйлөшүү кийинки жолу Москвада болсун, мен Трампты Москвага чакырам" деп, Песковдун оозу менен айтып койду. Арада Украин президенти В. Зеленский жөнүндө бир да сөз жок...
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews агенттигинин башкы редактору