www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирияга баруу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.
Билдирүүгөылайык, 2022-жылдын 13-мартында УКМК Кыргызстанга мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.
Ошондой эле, кармалгандар Кыргызстанга келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан.
Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg