www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага каршы согушка жалданма топтор тартылууда

14-мартта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы "Орусия жаңы агрессия уюштуруу үчүн Сириядан жалданма топторду тартууну баштады" деп билдирди.

"Келип түшкөн маалыматтарга караганда, Сирияда жалданмаларды кабыл алуу борборлору ачылып, миңден ашуун адам тартылган. Анын ичинен 400гө жакын адам Орусияга келген. Ростов (Россия Федерациясы) жана Гомел (Беларусь Республикасы) облустарындагы Украинанын чек арасына жакын жерлерде аларды жайгаштыруу жана машыгуу лагерлери түзүлдү", - деп жазылган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан билдирүүдө.

Бирок Орусия тарап мындай айыптоого комментарий бере элек.

Штабдан билдиргендей, орус аскерлери Киевге чабуул жасоо аракеттерин кайра баштоо үчүн күчтөрүн топтоштуруп жатканы кабарланды.

Маалыматка ылайык, украин күчтөрү орус аскерлеринин соңку чабуулдарынын мизин кайтарып, Николаев жана Кривой Рог багытында токтотуп, алар Донецк жана Луганск облустарынын толук чегине жете алышкан эмес.

Орусиянын аскер күчтөрү соңку айыгышкан салгылаштарда Слобожанщинада, Харьковго жакын Изюм аймагындагы жоготууларын калыбына келтирүүгө басым жасаганы байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости