www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде акча каражаттарын мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, текшерүүдө учурунда Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан “Э.” аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. өзүнүн кызмат абалынан пайдалынып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, жалпысынан 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келген фактысы аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости