www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең урмат кылып, ардагерлерге алардын көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана ошондой эле Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын gрезиденти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алардын ичинен:

65 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

153 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

15 — Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар;

18 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 (жети миң) сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости