www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атын атагысы келбеген жигит бул окуя тууралуу айтып бергенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Жигиттин айтымына караганда окуя төмөндөгүчө болгон.

Айнур аттуу бир үй-бүлөнүн эрке кызы Казакстандагы айылдардын биринен мектепти аяктаган соң, Алматы шаарындагы жогорку окуу жайга тапшырып, окуп калат.

Бул тууралуу окуянын күбөсү, “Айнур биринчи курстан тарта эле окууга кызыкпай, достору менен клуб, кафелерге барып көңүл ачууну адат кылып алат. Ата-энесине кечки саат 9дан кийин уктап калаарын, андыктан тынчын алып, телефон чалбоосун өтүнөт. Бирок, бул убакта ал достору менен кафелерде сайрандап жүргөн болот.

Ошентип жүрүп, ал кантип сойку болуп кеткенин билбей калган. Алгач бай жигиттердин акчасына азгырылып, өзүн арнап жүргөн болсо, кийинчерээк, муну каражат табуунун оңой жолу катары кабылдап, акча сунуштагандын баарына кете берген.

Күндөрдүн биринде Айнур сойкулук кылган дос кызы менен бирге саунага барат. Бул сойкуларды сатып алган байкеси жана анын достору болот. Өз агасы менен саунадан бетме-бет жолугуп алган Айнур уятына чыдабай, ошол жерден качып кетет.

Ал эми кыздын байкеси досторунун алдында башын жерге салып, эч нерсе дебестен чыгып кетет. Ошол менен байке-карындаш азыркы күнгө чейин сүйлөшпөйт, сүйлөшмөк турсун жолуга элек. Туугандык мамилеси үзүлгөн сыяктуу... Муну айтканымдын себеби, бул окуя сойкулук кылгандарга да, сойкуларга баргандарга да чоң сабак болоор деген үмүттөмүн!” – деген пикирин билдирген.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости