www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун Пекинге расмий иш сапары күтүлүүдө. Кытай менен Бишкек ЖЭБдеги коррупция чатагы катуу талкууга алынганы менен, бизге болгон мамилеси эчак эле бузулган дейт билермандар.
Калп эле Сапар Исаков “Кытай таарынып калат" деп коркутуп жүрүптүр. Кытай акыркы 2-3 жылда улуу держава болгон үчүн эле унчукпай, улуулук кылып атканын айтпасак, Атамбаевге аябай нааразы дешет.
Визалар боюнча санкцияларды киргизгени, биздин соодагерлерди, студенттерди кысымга алганы Кыргызстанга далысын салган белгиси турбайбы.
Негизги проблема Атамбаев эң жакын кошунанын суранычын орундатпай, орус менен казактын сөзүнө азгырылып, темир жолду салдыртпай, артка кетенчиктегени экен.
Бирок мындан да сырткары ондогон кытай ишкерлери салым салган инвестицияларды кыргыз жергиликтүү аткаминерлер тартып алып, мыйзамсыз кордогондору себеп болуптур.
Кытайлар мындайларды аябай эле өлүмгө буйруп коёт эмеспи. Мына ошондой акыйкатсыздыкты жоюп баштадык деп, бийлик жакында Мамановту камакка алыптыр.
Бул ишкер Икрам Илмиянов менен Манас Арабаевтерге таянып кытай ишкерлеринин миллиондогон мүлктөрүн алып алган деген айып коюлуп атканын Улуттук коопсуздук кызматынын пресс-билдирүүсүнде жарыяланды.
Булак: “Жаңы ОРДО”