www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара жаңжалы чыккан Сох районунун жашоочусу уулунун башына кара кап кийгизишип, Ферганага алып кетишкенин билдирүүдө

55 жаштагы Муллхусейн Ахроров уулунун камалышына жол ачкан далилдер жок деп эсептейт:

– Ал күнү менен жумушта болчумун, кечинде үйгө келсем уулум жок экен. Мен жергиликтүү бийликке кайрылдым, алар уулумду алып кетишкенин ырасташып, бирок ким жана кайда алып кеткенин айтышкан жок. Ошондон бери уулумду көрө элекмин. Документтерин беришкен жок. Уулумду көргөндөр: «Анын башына кара кап кийгизишип, тик учак менен алып кетишти» деп айтышты.

Ахроровдун айтымында, Фергана облусунун прокурору 24-августтагы жыйын учурунда Сохтогу чек ара чыры боюнча кармалгандарга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

25 жаштагы Фирдавс Ахроров үй-бүлөсүн жалгыз багып, курулуш тармагында иштеген.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сох районунда алты киши кармалганын билдирип, бирок алардын аты-жөнүн атаган эмес.

Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, аларды Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыргытышкан.

Булак: "centralasian"

Последние новости