www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 2022-жылдыын апрель айында Чүй облусун өнүктүрүү фондунун директору К.М. менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А. 5 млн 200 миң сомго бетон лотокторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө келишим түзүшкөн. Тендер жарыяланып, тендерден «НЭК ЛТД» ЖЧКсы утуп алган.
Келишим боюнча төлөм оңдоо иштери 100% бүткөндөн кийин төлөнмөк. Бирок 2022-жылдын август айында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А. «НЭК ЛТД» ЖЧКсы тарабынан иш аткарылбагандыгын билип туруп, ЖЧКнын директору менен макулдашып алып, 2 млн 392 миң 631 сомдук жумуш аткарылганы тууралуу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзгөн.
Ал Чүй облусун өнүктүрүү фондуна көрсөтүлгөн сумманы ишкананын эсебине которуу жөнүндө кат жөнөткөн.
Чүй облусунун өнүктүрүү фонду «НЭК ЛТД» ЖЧКсына көрсөтүлгөн акчаны бөлүп, натыйжада мамлекетке ири зыян келтирилген. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Окуя болгон жерди кароо учурунда Кызыл-Туу айылынын аймагындагы бетон лотокторду оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган. Эсеп палатасы аудиттик текшерүү жүргүзүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктаган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы — 1983- жылы туулган Д.А. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg