www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ал 26-мартта саат 16:00дө Шопоков шаарынын Достук көчөсү, №43 үйүнөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты боюнча материал катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.
"Эгерде Нурислам Шайдуллаевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0312 60-75-67", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.