www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта таксисттин жансыз денеси табылды

Сокулукта 24 жаштагы таксисттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-март күнү Сокулук районуна караштуу Белек айылында жашы болжолдуу 20-25 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган. Кийин ал маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 24-жаштагы А.Ж. аттуу жаран экени, таксис болуп эмгектенип жүргөнү аныкталган. Ал эми маркумдун унаасы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылганда, унаада тактар бар болгон.

Ушул тапта,  милиция кызматкерлери шектүү жарандарды кармоо иш-чараларын көрүүдө. Ошондой эле тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости