www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан суу мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Сокулук районунда жайгашкан “Лахор Стил Милс” ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, “Лахор Стил Милс” ЖЧКсы 2 (эки) скважина менен жер астындагы сууну пайдаланып, бирок тиешелүү документтерди көрсөтө алышкан жок (лицензия жана лицензиялык макулдашуу, суу өлчөөчү прибор (счетчик).
Жыйынтыгында, жер астындагы сууну пайдалангандыгы үчүн роялти (суу колдонуу үчүн салык) төлөбөгөндүктөн, 243 миң 719 сом сомдук доо коюлду. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жер жана суу мамилелери жаатындагы мыйзам ченемдерин жана талаптарын сактоо боюнча текшерүү актысы түзүлүп, бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук берилди.
Булак: NazarNews