www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Президент Садыр Жапаров 9-апрелде түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 41 жаранга ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Президенттин катчысы Аскат Алагөзов бул жарлык күчүнө киргенин 10-апрелде «АКИpress» агенттигине билдирди.

Журналисттердин маалыматы боюнча, тизмеге активист Зарина Төрөкулова жана акын Азамат Ишенбеков да кирген.

З.Төрөкулова бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырган деп айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган.

А.Ишенбеков дагы массалык башаламандыктарга чакырган деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: "barakelde.org"

Последние новости