www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулуктун акиминин орун басары кызматтан кетти

Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Самаган Мурcалиев кызматтан бошотулду.

Ал тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда билдирди. Ал эми райондун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды.

С.Мурсалиев бул кызматка 2021-жылдын июлунда дайындалган болчу. Ал декабрдын аягында Төмөнкү Чүй айылында жаңы курулган даараткананын кызыл тасма кесилген ачылышына катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости