www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы жайылып баштаган болушу мүмкүн. Бирок бул азырынча расмий тастыктала элек”. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров 24.kgге билдирди.

Анын айтымында, декабрда Новосибирск жана Лондонго жиберилген үлгүлөр негизинен 92 пайызы “дельта” штаммдарын көрсөткөн. Ал эми азырынча “омикрон” аныктала элек. Декабрдын аягында жана январдын башында дагы 165 үлгү алынып, улуттук фтизиатрия борборуна изилдөө үчүн өткөрүлүп берилген.

«2022-жылдын 1-январынан 10-январына чейин Кыргызстанда 1376 COVID-19 инфекциясы катталган. Алардын 86 пайызы лабораториялык жактан тастыкталган. Декабрдын орто ченинде баары тескерисинче болуп, лабораториялар 30-40 пайызын гана берип, 60-70 пайызы клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган.

Бул аныктоо көрсөткүчү бүгүнкү күндө жакшы экенин көрсөтүп турат, бирок эч кандай кыйынчылыктар жок. Жалпысынан абал туруктуу, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.1376 бейтаптын 36 пайызы такыр даттанышкан эмес, 32 пайызы жеңил, 29 пайызы орточо, 2,4 пайызы оор, 0,5 пайызы өтө оор болгон.

Бул адамдардын 22 күнгө чейин өз алдынча дарыланып, дарыгерлерге кайрылбаганынан улам келип чыккан» деди Султан Абдыкадыров. Башкармалыктын башчысы кошумчалагандай, ОРВИ жана сасык тумоо коронавирус менен катарлаш жүрөт. “Омикрондун” симптомдору, анын айтымында, ОРВИге окшош, дене табы көтөрүлүп, жөтөл байкалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости