www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Орусия Борбор Азия мамлекеттеринин согуш менен башаламандыкка батып кетишине жол бербеши керек. Бул тууралуу КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Орусиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Кытай менен Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана Борбор Азия мамлекеттеринин достук мамиледеги коңшусу катары региондо согуш менен хаостун жаралышына жол бербеши керек", — деген Ван И.

Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ишине тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө Москва менен Пекин тоскоол болушу керектигин айтып, бул өлкөлөр менен кызматташууну тереңдетүү зарылдыгына токтолгон.

Ван И "түстүү революция" менен "жамандыктын үч күчү" (терроризм, экстремизм, сепаратизм — ред.) хаос жаратарын айтып, мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

Министр Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө доо кетпеши үчүн Москва менен Пекин аларга пандемия менен күрөшүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө жардам бериши керектигин да белгилеген.

Анын пикиринде, аймактык коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга тез реакция кылуу үчүн Орусия менен Кытай Шанхай кызматташтык уюму менен ЖККУнун кызматташуусун бекемдеши шарт.

Лавров менен Ван И телефондон кечээ күнү сүйлөшкөн. Орусия ТИМи билдиргендей, тараптар Казакстандагы абалды талкуулап, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө тынчсызданып жатканын билдиришкен.

5-январь күнү эртең менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин өзү жетектей баштаган. Кеңештин биринчи жыйынында ал мамлекеттин бүтүндүгүн бүлдүрүү аракети болуп жатканын айтып, ЖККУдан жардам сурап кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости