www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эски бийликтан тушунда лидери Ө.Текебаев камалып, өздөрү "нокаут" болгон "Ата Мекен" партаясынын Жогорку Кенештеги депутаттары кайрадан "тирилип", реванш алышууда. Өткөндө Тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүп, микрофон, диктофон, камераларын найзадай сунган ондогон журналисттердин коштоосунда 1,5 млрд. сом казынан акчасы кантап сол чөнтөккө солонуп кеткендигин коомчулукка жарыялашкан эле.
Сыягы, бир таяктын 600 долларга жасалышы, ЖЭБдеги аттиштин баасынан да ашып түштү окшойт.
Өткөн жумада депутат К.Иманалиев өлкөбүздун Куралдуу кучтөрү Сомалиге төрт тик учакты ижарага берүү чечимин кабыл алгандыгын айтып, дагы бир ирет элдин эсин оодарды. Ал тургай тиешелүү документке экс-президент А. Атамбаев өзү кол койгон жашыруун документ ачыкка чыгып кетти. Бирок КСЛП партаясы ата-мекенчинин бул билдируусун жокко чыгарып, кезектеги "жалган" маалымат катары мүнөздөп актанды.
Бийлик партиясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат: "Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, бул демилге ишке ашкан эмес. Тик учактар Кыргазстанда калган. Бул негизинен экс-президенттин аброюна көлөкө түшүрүү максатында жасалып жатканы түшүнүктүү эле болуп турат.
Алгач ошол кездеги Башкы штабдын жетекчиси генерал Алымкожоев эмнеге негиздеп бул демилгени көтөргөнүн билиш керек болчу. Анткени мамлекет башчы өзүнүн чечимлеринде тиешелүү органдардын сунушуна жана негиздемелерине таянган".
Балким, чын эле тик учактардын чуусунун чоо-жайы толук айтылбай жаткандыр. Бирок өчү бар, оппозиция тарап, болгондо да эски бийликтен запкы жеген саясатчылар өзүнө ынгайлуу жагын гана айтышат эмеспи. Алар өздөрү деле бийликге турганда оюндун эрежесин сакташпайт эмес беле...
(уландысы бар)
Булак: Майдан кж