www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ырчы, акын, журналист Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Сонунбүбү эже, бийликтегилер катарына эл иренжиген адамдарды кошо баштаганы, айрымдарынан арыла албай жатканы коомдо талкуу жарата баштады. Элдин жүгүн тарта албаган адамдарга ишеним артып отура берүү бийликке абийир алып келеби?

--Албетте, абийир алып келбейт. Азыркы шарт көп нерселерди кайра бир карап, этек-жеңди күбүп, акыл калчап иш кыла турган мезгил экенин көрсөтүп  турат. Түшкө кирбеген “крутой” бурулуштарды жасай ала турган сергек адамдар бу сапар да өздөрүн болушунча көрсөтөт. Элди, президентти дагы бир жолу алдоону максат кылып, болгон аракетин жумшашат. Бирок, өлкөбүздүн гаранты болгон президентибиз анча-мынча нерсеге алданбай, бирөөлөрдүн тилине кирбей чечим чыгараарда олуттуу ойлонушу керек. Анткени, жүк президентке гана түшөт. Калганы бири-бирине шылтап кутулуп кете берет. Ошондуктан кааласа да, каалабаса да ушул кырдаалдан алып чыга ала турган кесипкөй инсандарды издеп таап, ишке тартышы керек.

Болбосо эки жүздүү, өз пайдасынан башканы ойлоно албаган адамдар бийликтин бетине көө гана жаап, өз билгендерин кылып, жыйынтыгында бийликте отургандарды байкатпай түртүп чыгарып коюшат.  Ошон үчүн кадрды акчасына, авторитетине  карап тандабай, кесипкөйлүгүнө карап тандашыбыз зарыл.

Болбосо акча, авторитет эмес, турмуш жеңген кырдаал келип калышы ыктымал.

--Баса, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров,  Интерньюс уюштурган “Медиа топтоо 2020” форумуна  КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбековду спикерлик кылганын сындап, “анын орду форумда эмес, түрмөдө” деп чыкты го. Илим Карыпбеков чын эле укук коргоочу ачуу сөздөр менен  сындагандай адамбы?

--Ооба ошондой адам. Ал турсун ал бийликтегилердин ишенимине кирип, тымызын алардын катарына кошулуудан  да тартынбайт. Анын айлакерлигине сөз жок. Бир эле Илим эмес коом Илимге окшогон “көрчычкандардан” тазаланыш керек. Аларды эл билет. Эр болушса эл алдына чыгып көрүшсүнчү.  Тизмелерин жарыялап, отуз жылдан бери өлкөбүздүн колтугуна кирип алып, канын кенедей соргон мителерди ким экенин айтып,  айдап чыгышыбыз керек.

--Бирок, Илим Карыпбеков жаңыча ойлоно алат, көз каршы да, жасаган иши да башкаларга салыштырмалуу алда канча жандуу. Ошон үчүн кайсы бийлик болбосун аны менен кызматташууга аргасыз болот дешет го?

--Канчалык деңгээлде жаңыча ойлонгонун билбейм. Бирок башкасын айтпай эле койоюн мен өзүм жакшы билген КТРКга келгенде акыбалын мышык ыйлачу деңгээлге тушүргөнү анык. Эфир деген мамлекеттин бирден бир жүрүп турган каны, жол баштоочу идеялогиясы. Бирок ал өзүнүн курулуш компаниясынын ишин жүргузүп отуруп албадыбы. Ушул эл үчүн иштөөбү? Ушул жаңыча ой жүгүртүүбү? Анын жүзү жок. Уялбайт. Тили беш карыш. Сүйлөп койсо анча-мынча сабатсыз депутаттар коркуп кетсе, кыйынмын деп жүрсө керек да. Сөзү менен иши дал келбеген адам. Ошон үчүн ага ишеним арта баштаган азаматтар азыртан ойлонушу керек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости