www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги ырчы, акын Сонунбүбү Кадырова менен эгемендикке ээ болгон күнүбүздүн алкагында пикир алыштык. 

-Сонунбүбү эже, эгемендик күттүрүп келдиби же оңой-олтоң  жетип алдыкпы?  

-Эгемендик  өтө күчтүү, өтө кубаттуу, демдүү, ар бир инсанга дымак берип турган  улуу табылга. Буга жетиш үчүн канча   доор, канча кылым арып жол басып, ачыгыбыз ачылып, чачыгыбыз чачылып жүрүп отуруп араң жеттик. Мына ушунун өзү чоң олжо. Оңой эле келип калган жок. 

-Эгемендиктин баркын, баасын биле алдыкпы? 

- Мына ошол Улуу ырыскы - намысыбыз бөксөрүп, өзүбүздү цвилизациянын бир өкүлү катары сезип, нарк-насилди унутуп калган учурга туш болуп калганы өкүнүчтүү. Эге - мен, өзүңө ээ бол деген сөз. А, биз болсо көкүрөгү бош, башы керексиз маалыматка толгон илимпоз сөрөйлөрдүн айынан  ушу кезге чейин өзүбүздү таппай келебиз.

-Эгемендик менен кошо келген демократияны ээнбаштык менен алмаштырып алган жокпузбу?

-Демокартия - шайтан, албарсты дегендей угулат мага. Ар түрдүү болуп кубула берет. Биздин улуттук наркыбызда байыртан келе жаткан Улуу сөз бар.  Ал сөз, улууга урмат-кичүүгө ызат. Ушул бузулду.  Улууну улуу катары баалабай, кичүүгө кичүүдөй карабай баарын бир теңеп койду. Бул улуттун уңгусуна доо кетирип, баш аламандыкдыкка жол ачат. 

-Эгемендикке ээ болгону  катачылыктарга жол бердикпи?

-Деги эле адам баласы табигатты  айоосуз булгады. Жерди тытмалады. Эчен кылым катмарланып калган мөңгүнү бузду. Аны чагып башка жакка алып барып тизип койсо алгачкы сапаты жоголбойт деген келесоолор пайда болду. Эгемендикке ээ болгону табигат алдында өтө чоң жаңылыштыктарды, күнөөлөрдү жасап, убалдан коркпогонду үйрөндүк. Бул өтө өкүнүчтүү.

-29 жылда эмнеге жетиштик, эмнеден өксүдүк?

-Биз өз алдынча жашай баштаган өлкө катары учубуз узарып, атыбыз дүйнөгө таанылды. Уулдарыбыз, кыздарыбыз Кыргызстан деген өлкө бар экенин билдирип ааламга  желегибизди желбиретип  жатышат. Ушуга шүгүр. Өксүгүбүз алакандай эл болсок да ынтымагыбыз жок. Бөлүнөбүз. Суунун башында туруп мокок, жер көз, кедейбиз.

Отуз жылдын ичинде отуз олигархты чыгардык. Алдамчы, эки жүздүүлөр, биринин шапкесин бирине кийдирген албарстылар пайда болду. Кой оозунан чөп ала албаган ишенчээк эл алданып, алданып отуруп акыркы чекке келдик. Опурталдуу учурга келдик. Эми эсибизге келип, эгемен күндүн баркына жетип, элди алга ээрчите ала турган көрөгөч көсөмдөргө жол ачалы элим!

ЭГЕМЕН КҮН

Кыргыздын кыйырына көз чаптырып,
Ыраазы болуп турам жетине албай.
Теңирим кут кыла гөр, кут кыла гөр,
Эгемен эл деген сөз деги кандай!!!
*
Ооба да, биз эл болуп өзүбүзчө,
Жашайбыз бир тамчыдай болуп туруп.
Бул бизге жараткандын шыбагасы,
Жүгүнүп кабыл алдым кулдук уруп.
*
Уютку болсун үчүн Жер-Ааламга.
Кыргызды жаратыптыр бир ууч гана.
Касиет каны менен ойноп дайым,
Улуу күч кайнап турат турпатында.
*
Булак: NazarNews.kg

Последние новости