www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чечкиндүү, көзүндө оту бар, адам кадырын билген, чыныгы чыгармачыл топ келип азыркы иштеп жаткан жамааттын уюп жаткан жаратман күчүн ойготуп, алып кетүүсү зарыл», - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.                                                          

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Ар сөзүңүздү кунт коюп угуп отурдум. Ушул кезге чейин эңсеп көксөп жүргөн план-программалар жүрөккө кыттай куюлуп, жан дүйнөмдү жыргатып турду. Бардык тармак түп тамырынан өзгөрөт экен буйруса. Реформатор кадрларды тандаңыз эми. Өзүмдүн кесибиме жараша керектүү жерин белгилеп жазып алдым:

1. Коомдук теле көрсөтүү өзгөрөрүн жана анын багыттарын баса белгилеп айттыңыз. Ал жердин аты, статусу, иш-план, беттеген багыты эле эмес административдик топ түп тамырынан алмашышы керек. Чечкиндүү, көзүндө оту бар, адам кадырын билген, чыныгы чыгармачыл топ келип азыркы иштеп жаткан жамааттын уюп жаткан жаратман күчүн ойготуп, алып кетүүсү зарыл.

2. Кыргыз энесинин улуу наркын өлкөнүн өнүгүшүнө жана жаңылануусуна пайдалануу, «Умай эне» эненин касиетин бир өзөккө орнотууну калыбына келтирүүнү айттыңыз.

Колдоого алып, жардам беребиз. Кут болсун. Ой-максаттар ишке ашсын! Ак жолубуз ачылып жаратканым жар болсун», - деп белгиледи Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости