www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын согуш учурда тажиктер “Өмүр жолу” деп атаган”. Мындай пикирди кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жергиликтүү маалымат булактарына берген маегинде айткан.

--“Коңшу өлкө Тажикстанда жарандык согуш катуу болду. 1990-жылдары Кыргызстанда азык-түлүк жана биринчи кезектеги товарлар жетишсиз болчу. Буга карабастан азап чеккен бир тууган тажик элине буудай жөнөтүп турдук. Тажикстан электр энергиясына аябай муктаж болуп жаткан учур эле. Ошол убакта Токтогул ГЭСи сууга толуп тургандыктан электр энергиясы бекер жөнөтүлүп турду. Коңшу өлкөдөн келген миңдеген качкындарга баш паанек бердик. Ошол маалда Ислам Каримов Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасын толук жаап койгон. Ал эми биздин чек ара жабылган эмес. Тобокелге салып чек араны жаптырган жокмун. Күнү-түнү Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу Тажикстанга тамак-аш, товарлар жана күйүүчү май ташылып турду. Тажик эли бул жолдорду "Өмүр жолу" деп атаган”, - дейт Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости