www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москва шаарында жолугушат. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик ча арасындагы куралдуу жаңжал талкууланат. Бул тууралуу Путиндин катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадга катышат деп айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 36 адам көз жумду. Алардын арасында жаш балдар, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар бар.

Ал эми тажик тараптан 10 чакты адам көз жумганы айтылып жатат. Эки тарптан 200 чакты адам жаракат алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости