www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажикстандагы жарандык согуштун кесепети Кыргызстанга да тийбесе экен деп кооптондук”, - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-вице-президент, саясатчы Феликс Кулов.

--“Тажикстандагы кандуу кагылышуу биздин да жүрөгүбүздү оорутту. Чындыгында коңшу өлкөнүн кандуу согушу кыргыз элинин үшүн алды. Тажикстанда 100 миңден ашык кыргыздар жашачу. Мындан сырткары, өлкөбүздүн түштүк чөлкөмүндө тажик диаспорасы отурукташып калышкан. Ошол маалда Кыргызстанда да абал оор эле. Анткени 1990-жылы Ош аймагындагы улуттук араздашуунун кесепетинен үч миң мекендешибиз каза болгон. Эки тарапты элдештирүү үчүн бардык күчүбүздү жумшадык. Мында Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримов аябай жардам берди.

Кыргызстандын жетекчилери ошол учурда тышкы саясатта кошуна өлкөлөр менен тил табышууга умтулдук. Анан Тажикстанга болушунча бардык тараптан жардам бердик. Коңшу өлкөдөгү жарандык согуштун кесепети Кыргызстанга да тийбесе экен деп кооптондук. Коргоо министрлигинде Аскердик чалгын кызматынын пайдубалын түптөдүк. Керек болсо алардын мамалекетине чейин армияны жөнөттүк. Болбосо биздин кыргыз карапайым эл дагы жабыр тартып калмак”, - дейт Кулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости