Кытайдан чыккан вирус бир күндө жети кишинин өмүрүн алды
Коом  |   |  2285

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 397 кишиден коронавирус табылып, 248 бейтап айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 210;

Ош – 5;

Чүй облусу – 130;

Ош облусу – 9;

Нарын облусу - 11;

Ысык-Көл облусу – 19;

Жалал-Абад облусу – 9;

Баткен облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 96 958ге жетти.

Айыккандар:

Бишкек – 151;

Ош шаары – 7;

Чүй облусу – 59;

Ош облусу – 4;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 7;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 4;

Баткен облусу – 4.

Оору илештиргендердин ичинен 90 394ү дартты жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирустан 7 бейтап каза тапкан:

Бишкек – 3;

Ысык-Көл облусу – 3;

Ош шаары – 1.

Ушуну менен аталган дарттан каза тапкандардын саны 1 637ге жетти. Азыркы учурда ооруканаларда 1 563 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 397 бейтаптын абалы оор болсо, 70 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями