www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы аялдардын ролу тууралуу сөз кылды.

«Баарынан мурун аялдардын өзгөчө ролун баса белгилегим келип турат. Заманбап билим берүү жана балдарды кароо системалары аялдарды үй иштеринен бошотот. Бирок аялзатынын эң маанилүү функциясын, көзгө көрүнбөгөн ишин эч ким алмаштыра албайт. Биз баалуулуктарды жараткан институт катары аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек. «Умай эне» культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек. Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны жана долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырам», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости