www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен кыргыз-тажик чек арасындагы кризисти талкуулады.

4-майдагы жолугушууда Молдоисаева чек арадагы куралдуу жаңжалдагы курмандыктар жана зыяндар тууралуу маалымат берип, Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Штайнер эки өлкөнүн ортосундагы чырды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү аракетин кубаттап, UNDP элдин жашоосун өнүктүрүүдө Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин билдирди.

Молдоисаева 30-апрелде БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуп, жогорудагы маселени талкуулаган.

30-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Кыргызстан БУУдан жардам күтөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости